Бишкекте 9-кабаттан эки наристе кулап кетип, көз жумду
- 1 месяц мурун
Бүгүн,16-мартта, саат 16:24 тө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына (ИИБ) Үмөталиев көчөндөгү үйдүн 9-кабатынан 4-5 жаштардагы эки наристе кулап кеткендиги тууралуу кабар түшкөн..
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөгөн. Кулаган эки наристе оор жаракат алып, ошол жерден жан берген.
Бишкек шаардык ИИБ басма сөз кызматы бул факты Ленин райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, тергөөгө чейинки иш-аракеттер башталганын билдирди.
Бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь районунда да 6 жашар кыз 7-кабаттан кулап кетип, анын кесепетинен чарчап калгандыгы кабарланды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү