Бишкекте №66 электробус каттамы ишке киргизилет

  • 4 недели мурун

Эртең, 15-ноябрдан, тартып борбор шаарда №66 электробус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Эми «Көлмө» конушунан 8-кичирайонго чейин ыңгайлуу, үнөмдүү жана экологиялык жактан таза электробустар каттай баштайт.

Багыты: Көлмө конушу — Мидин көчөсү — М.Ганди көчөсү — Жаш Гвардия бульвары — Чүй проспектиси — Бейшеналиева көчөсү —  Киев көчөсү — Байтик Баатыр проспектиси — Токомбаев проспектиси  ал эми акыркы аялдама 8-кичирайон.

Электробустар заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу отургучтар, кондиционер жана USB кубаттагычтар менен жабдылган.

Бишкекте №66 электробус каттамы ишке киргизилет

Сүрөт: bishkek.gov.kg


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты