Бишкекте №43 автобус каттамынын жүрүү багыты өзгөртүлдү
- 4 недели мурун
20-майдан тартып Бишкек шаарындагы №43 коомдук транспорт каттамынын жүрүү схемасына өзгөртүүлөр киргизилди.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бул чечим шаардык транспорт тармагын оптималдаштыруу жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.
Жаңыланган жүрүү схемасына ылайык, каттам төмөнкү көчөлөр аркылуу өтөт: Мурас-Ордо көчөсү, Школьная көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Махатма Ганди көчөсү, Чүй проспектиси, Бейшеналиева көчөсү, Токтогул көчөсү жана Фучик көчөсү.

Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




