Бишкекте 16 автобус каттамынын жүрүү схемасы убактылуу өзгөртүлдү
- 2 месяца мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарынын Чүй проспектисинин Чыңгыз Айтматов проспектинен (мурдагы Манас проспекти) Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки айрым тилкеси убактылуу жабылгандыгына байланыштуу коомдук транспорттун жүрүү схемалары убактылуу өзгөртүлдү.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Өзгөртүүлөр №13, 17, 23, 34, 36, 40, 50, 52, 103, 107, 118, 166, 215, 222, 227 жана 254 -автобус каттамдарына тиешелүү.
Убактылуу чектөөлөр мезгилде автобустар жабылган тилкени айланып өтүү менен өзгөртүлгөн маршруттар боюнча каттайт.
Бул чаралар коомдук транспорттун жабылган тилкелеринде тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынууда.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жана борбор калаанын конокторунан сапарларын пландаштырууда убактылуу өзгөртүүлөрдү эске алып, алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандоону өтүнөт.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунда ачылат.
Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы




