Бишкекте №14Т автобус каттамынын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү
- 9 месяцев мурун
2025-жылдын 1-октябрынан тартып Бишкекте №14Т автобустук каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул чечим тургундардын кайрылуулары жана суранычтарынын негизинде кабыл алынды.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Буга чейин каттамдын акыркы аялдамасы Алыкулов көчөсүндө жайгашса, эми ал Фрунзе, Корсаков көчөлөрүнөн өтүп, Ата-Журт конушуна чейин жүргүнчүлөрдү тейлейт.
Ошол эле учурда, жакынкы күндөрү №14Т каттамына жаңы электробустар киргизилгенден кийин анын акыркы аялдамасы кайрадан Алыкулов көчөсү болуп калаарын маалымдалды. Ал эми жаңыланган кыймыл-чиймеге башка каттамдар киргизилмекчи.

Сүрөттөр: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




