Бишкекте 100 дөн ашык милиция жөө жүрүштө тартипти көзөмөлдөштү
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 2025-жылдын 8-март күнү “Аялдардын укуктарына арналган тилектештик жүрүш” аталышындагы жөө жүрүштө коомдук тартипти, жарандардын жана жол коопсуздугун камсыздоодо 100 дөн ашык тартип сакчылары кызмат өтөштү.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Жөө жүрүшкө 150дөй адам катышып, тышкы иштер министрлигинин эски имаратынын алдынан баштап, Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Горький скверине чейин уланды.
Аталган иш-чаранын уюштуруучулар тарабынан Бишкек шаарынын мэриясына кат жөнөтүлүп жөө жүрүш жөнүндө билдирүү калтырышкан.
Аталган иш-чаранын уюштуруучулар тарабынан Бишкек шаарынын мэриясына кат жөнөтүлүп жөө жүрүш жөнүндө билдирүү калтырышкандыгы белгиленди.
Бүгүн, 8-мартта, Бишкекте аялдардын эл аралык тилектештигинин күнүнө карата кыз-келиндердин жөө жүрүшү уюштурулду.
Жөө жүрүштө «Кыргызстан эгемендүү!», «Зомбулукка жол бербейбиз!», «Аялзатка эркиндик», «Өкүнүчкө жол бербейбиз!», «Келечек колубузда» ж.б. ураандарды барабандын коштоосунда чогуу айтып, жүрүштөн өтүштү.
Милиция кызматкерлери жөө жүрүшкө чыккандарды коштоду.
Бүгүн, Кыргызстанда 8-март — аялдардын эл аралык тилектештигинин күнү белгиленүүдө.
Сүрөт: Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы