Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат

  • 3 месяца мурун

9-февралга карата Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат.

Бул тууралуу Бишкек ЖЭБинин башчысы Алпбек Садыров билдиргенин Медиаштаб Телеграм каналында кабарлады.    

Жалпы активдүү кубаттуулугу — 295 МВт. Учурда 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат. «Бишкек жылуулуктармактары» ишканага өндүрүп берилген суунун температурасы 63 градуска чейин жетүүдө. ЖЭБдин кубаттуулугунун төмөндөшүнүн себеби аба ырайынын жылыгандыгына байланыштуу

«2023-2024-жылдардагы от жагуу мезгилинде  Бишкек шаарынын ЖЭБине бардыгы 1 млн 200 миң тонна көмүр түшүрүү пландалган. Мунун ичинде: 550 миң тонна импорттук көмүр (“Шабыркүл”) жана 650 миң тонна жергиликтүү көмүр. Бүгүнкү күнү бир күндө 4000 миң тонна көмүр жагылат. Түшүп жаткан көмүрдүн баары техникалык мүнөздөмөгө ылайык келет» деди Эрмек Аманалиев Бишкек ш. ЖЭБдин отун-транспорттук цехтнин башчысы Эрмек Аманалиев. 

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болуп, беш киши жабыркады. Абалы оор эки жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү.

Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”), 317-беренеси (“Магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу”), 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүнү УКМКга тапшырды.

Кыргызстандагы эң ири бул жылуулук борбору 1960-жылдары курулган. Ал 812 миң квт электр энергиясын жана саатына 1294,2 Гкал жылуулук берүүгө ыңгайлашкан. Шаардагы имараттардын 60 пайызга жакынын тейлейт. Жалпысынан 15 отказан бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты