«Бишкек жашыл курулуш» ишканасы жоогазындарга буйрутма кабыл алууда

  • 2 месяца мурун

«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы 8-март, Эл аралык аялдар күнүнө карата жоогазындарды сатып алууга буйрутма ала баштады.

Мекеменин билдирүүсү боюнча, майрамга даярдык көрүү максатында ишкана жаңы кесилген жоогазындарды төмөнкү баада сатат:

Дүң баасы: 100 же андан көп буйрутмалар үчүн бир даанасы — 75 сом;

Чекене баасы: 100гө чейинки буйрутмалар үчүн бир даанасы — 85 сом.

Жоогазындар бардык агротехникалык  талаптарга ылайык өстүрүлөт жана белгиленген сапат стандарттарына жооп берет.

Буйрутмалар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Ташкент көчөсү, 17.
Кошумча маалымат жана кеңеш алуу үчүн +996 702 114 312 номерине чалыңыз.

«Бишкек жашыл курулуш» ишканасы борбор калаанын тургундарын жана мекеме-уюмдарды майрамдык датага карата сапаттуу гүл алуу  үчүн бу
йрутманы алдын ала берүүгө чакырат.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты