Бишкек: Свердлов районунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактылары аныкталды

  • 10 месяцев мурун

Бишкек: Свердлов районунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактылары аныкталды

Бул тууралуу борбор шаардын Свердлов районунда аким Максатбек Саргазаковдун төрагалыгы алдында прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, ички иштер башкармалыгынын жана башка шаардык кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйына белгиленди.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча пайдубал түптөө жана турак-жай курулуштарын куруунун фактылары аныкталган. Алсак, «Красный строитель» конушунда 2 үйдүн пайдубалы уруксаат кагазы жок салынганы аныкталган.

«Дачная-Керчинский» жана «Кайыңды-Шоро» конуштарында 5 үйдүн пайдубалы тургузулган. “Ак-Тилек” конушунда дубалды көтөрүү стадиясында курулуш иштери токтотулган. «Ак-Тилек-2» жана «Дордой» конуштарында 2 уруксатсыз турак-жай курулган.

«Бардык объектилерде тиешелүү чараларды көрүү үчүн керектүү материалдарды чогултуу иштери жүрүп жатат. Уруксат берилбеген бардык аныкталган курулуштар белгиленген тартипте бузулат» деп билдирди Бишкек мэриясы.

Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты