Бишкек ШИИББ кайгуул кызматынын инспекторлору коррупциялык схема түзүүгө шектелип кармалды
- 4 недели мурун
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) кайгуул кызматындагы коррупциялык схема аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаардык ИИББдин кайгуул кызматынын укук тартибин сактоо бөлүмүнүн инспекторлору, мыйзамсыз материалдык баюу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу максатында, автоунааларды камоочу жайлардан алып чыгууга уруксат берүүгө жана ар кандай тоскоолдуктарды жасалма жол менен түзүү боюнча туруктуу схема түзүп алышкандыгы белгилүү болду.
Ишти карап чыгууну тездетүү жана оң чечим кабыл алуу үчүн, жол кырсыктардын катышуучуларын акча каражаттарды берүүгө мажбурлашкан.
2025-жылдын 14-январында аталган иштин алкагында, ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматы менен бирге милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын инспекторлорунун кызматтык бөлмөлөрүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, белгиленген факт боюнча кылмыш иши козголгон. Иш-чаранын жыйынтыгында, инспекторлор Т.С.Э., И.К.М., Б.у.З., А.К.А. кармалышты.
Кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыштарды жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.




Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы