Бишкек шаарынын Свердлов ИИБ тергөөчүсү акча опузалоо менен кармалды

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) тергөөчүсү акча опузалоо менен кармалды.

Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ж.А. аттуу тергөөчү кызматтык кабинетинде 100 миң сом алып жатканда кармалган. Жалпысынан тергөөчү жабырлануучуга кылмыш ишинин ачылышы ыктымалдыгына байланыштуу 2 миң доллар опузалап талап кылган.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси, пара опузалоо боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштери улантылып жатканы маалымдалды. Ал эми кармалган тергөөчү УКМКнын убактылуу камак жайына камалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты