Бишкекте жаңы жол куруу планы. Кыргыз-Түрк “Манас” университети аркылуу жол ачууга тургундар каршы болууда

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор шаардын унаа жол тармагын өнүктүрүү долбоорлорунун ишке ашырылышы менен таанышуу учурунда Чыңгыз Айтматов проспекти боюнча «Фрунзе» турак жай комплексине, ошондой эле «Ала-Арча» соода-оюн-зоок борборуна кирүүчү жолдорду уюштуруу пландалып жатканын билдирген.

Мындан тышкары жаңы эки жол куруу жана светофор орнотуу маселеси каралды:
Миңжылкыев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен Тыналиев көчөсүнө чейин, жалпы узундугу 1,3 км (2 тилке), Арстанбек Дүйшеев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейин, жалпы узундугу 1,1 км (4 тилке).

Маалыматта Миңжылкыев көчөсүн куруу учурунда жаңы жол окуу имараттарына өтө жакын өтө тургандыктан, кыргыз-түрк «Манас» университетинин айрым чектеш аймактары долбоорго тартылары айтылган. Жөө жүргүнчүлөрдүн, анын ичинде студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында жер алдындагы өтмөктөрдү куруу каралган.

Аталган көчмө жыйын өтүп, мэриянын паны белгилүү болгондон кийин Бишкек шаарынын тургундары Кыргыз-Түрк “Манас” университети аркылуу өткөрүү планына каршы чыгышууда. Алар социалдык тармактарда каршы пикирлерин билдирип жатышат.  

Кыргыз-түрк «Манас» университети жайгашкан көрктүү жер жогорку окуу жайдын гана эмес, жалпы эле шаардыктардын, анын ичинде «Жал» кичирайонунда жашагандардын жашыл аймагы, эс алуучу да жери болуп калган. Эгер унаа өтүүчү жолго айланса, анда студенттерге, шаардык эс алуучуларга да тоскоол келтирет. Жашыл аймакка доо кетет. Университеттин имараттарынын аралыгы бөлүнүп калары айтылууда.

Сүрөттө: Кыргыз-Түрк «Манас» университети. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты