Бишкек шаарынын айрым конуштарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

  • 1 год мурун

Эртең, 20-февралда, Бишкектин айрым конуштарындагы турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү убактылуу  токтотулат.

 «Мурас-Ордо» конушу саат 9.00дөн 15:00 гө чейин;

 «Калыс- Ордо» конушу саат 9.00дөн 18:00 гө чейин.

Ичүүчү суу «Мурас-Ордо», «Калыс-Ордо» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты