Бишкек шаарынын 2024-жылдагы бюджети бекитилди

  • 1 месяц мурун

29-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын 2024-жылга консолидацияланган бюджетин бекитти.

Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.   

Маалыматта айтылгандай, шаардын консолидацияланган бюджети киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча 32 590,5 млн.сомду түзөт.

Аталган сумманын ичинен административдик-аймактык реформага ылайык кошулган айыл аймактарынын бюджети 868,1 млн сом жана республикалык бюджеттен трансферттер 6973,0 млн сом., автобустарды сатып алууга жана Бишкек шаарынын жана ага кошулган айыл аймактарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы фондусунун чыгымдарын жабууга жумшалат.

Президенттин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 жарлыгынын негизинде, ошондой эле Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №370 токтомуна ылайык, административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө пилоттук мезгил аяктаганга чейин бюджетти бекитүү ыйгарым укуктары шаар мэрлерине берилген.

2024-жылдын 13-15-мартында Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын 2024-жылга бюджетинин долбоору боюнча коомдук талкуулар өткөн.

Бул жылдагы борбордун бюджетин угууга Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, райондук администрациялардын башчылары, муниципалитеттин аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана кошулган айыл аймактарынын жарандары катышты.

Сүрөт: Бишкек мэриясы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты