Бишкек шаарында максаттуу пайдаланылбаган объектилер бузулууда

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан максатына туура келбеген  объектилерди демонтаждоо иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Салтанат жана Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, аянты 0,173 гектар болгон жер тилкесинде жайгашкан объектилер бузулууда. Аталган жер тилкеси мурда автоунаа токтотуучу жай катары берилген, бирок иш жүзүндө авто тетиктерди сатуу үчүн пайдаланылып келген.

Бишкек шаарынын мэриясы жер тилкелери мыйзамда көрсөтүлгөн уруксат берилген ишмердүүлүккө гана колдонулушу керек экенин эскертет. Эгерде бузуулар аныкталса, ыйгарым укуктуу органдар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чара көрүшөт.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты