Бишкек шаардык сотунун судьясы жана анын жубайы кармалды
- 2 года мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК)т тарабынан Бишкек шаардык сотунун жазык коллегиясынын судьясы А.А.Б. жана судьянын аялы болуп саналган М.Г.М. аттуу жаран тарабынан алдамчылык фактысы менен кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, М.Г.М. аттуу жаран КР жаранынан 2000 АКШ доллары (174 000 сом) өлчөмүндө акча каражатын талап кылган, мындан улам аталган жаран «М Банк» тиркемеси аркылуу М.Г.М.нын атына акча которгон. Ал жолдошу Бишкек шаардык сотунун жазык коллегиясынын судьясы А.А.Б.дан Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясынын судьясы Ж.М.З. (А.Г. аттуу жарандын доо арызы боюнча баяндамачы болгон) менен байланышууну суранып, А.Г. аттуу жарандын пайдасына оң чечим чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган.
2024-жылдын 16-декабрында судья А.А.Б. Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясынын судьясы Ж.М.З.нын иш бөлмөсүнө кирип, доогер жаран А.Г.га жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал эми судья-баяндамачы Ж.М.З. мындан баш тартып, мыйзамдарга ылайык чечим кабыл алына тургандыгын белгилеген. Ошол эле учурда, судья- баяндамачы Ж.М.З. аталган жарандык ишти кароону токтоткон, бул доогер А.Г. аттуу жарандын пайдасына болгон эмес.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, КР жараны М.Г.М. кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ал эми Бишкек шаардык сотунун судьясы А.А.Б.га карата чогултулган материалдар КР Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына жөнөтүлүп, алар 2024-жылдын 18-декабрында кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук беришти.
Баяндалгандарды эске алуу менен, бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Бишкек шаардык сотунун судьясы А.А.Б. жана анын жубайы М.Г.М.нын баш коргоо чарасын тандоо боюнча чечим кабыл алынат.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




