Бишкек шаардык мэриясынын 4-башкармалыгынын башчысы кармалды
- 8 месяцев мурун
16-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Качыбек Ташиев Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Пригородное айыл аймагындагы сейил багынын аймагын көрктөндүрүү иштеринин жүрүшүндө коррупциялык белгилер бар экендиги боюнча айрым фактылардын негизинде текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын 4-башкармалыгынын (мурда муниципалдык менчикти башкаруу департаменти деп аталган) жетекчиси Ш.Б.К. кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Ш.Б.К. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородное айыл аймагынын башчысы болуп турганда (Бишкек шаарына кошулганга чейин) кызмат абалынан кыянат пайдаланып, көмүскө киреше алуу максатында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгаруунун, тендердик сатып алууларды (анын ичинде жалган сатып алууларды) жүргүзүүдө жалган компанияларды тартуу менен туруктуу коррупциялык механизмдерди уюштургандыгы аныкталган.
2022-жылы Пригородное айылынын сейил багын көрктөндүрүү боюнча 2 млн.сомдон ашык суммага жасалма тендер өткөрүлүп, Ш.Б.К.нын көзөмөлүндөгү компанияга ыйгарылган. Мында көрсөтүлгөн сумма бюджеттен чыгарылып, Ш.Б.К. ыйгарган компания тарабынан паркты көрктөндүрүү боюнча эч кандай иштер жүргүзүлгөн эмес).
Ошону менен бирге, 2021-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде Ш.Б.К. аталган сейил бакты көрктөндүрүү боюнча ар бири 2 млн. сомдон ашык суммадан турган үч тендердик сатып алууларды жүргүзгөн, бирок акча каражаттары Ш.Б.К. тарабынан чыгарылып, ыйгарылган.
Ошондой эле, жети тендердик сатып алуулар аныкталып, алар Ш.Б.К.нын аффилирленген компанияларына берилип, анан жеке үлүш алынган.
Белгилей кетсек, Ш.Б.К. жогоруда көрсөтүлгөн коррупциялык механизмдерге түздөн – түз тиешеси бар, анткени ал 2024-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын мэриясынын жогорку кызмат ордуна муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин (бардык муниципалдык мүлк үчүн жооптуу бөлүм) башчысы болуп дайындалган.
Ш.Б.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кымыш иштери боюнча тергөө иштери улантылып, тиешелүү иш-чаралар уюштурулуп, кошумча фактылар жана башка тиешеси бар адамдар аныкталууда.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




