Бишкек шаардык мэриясы жаңы жыл алдында жамааттык иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартты

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын мэриясы жана ага караштуу түзүмдөр жаңы жылдык корпоративдерди өткөрүүдөн баш тартты. Анын ордуна борбор калаадагы социалдык мекемелерге тиричилик буюмдарын жана техникасын алып берет.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мындан чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык жана экономикалык оор кырдаалга байланыштуу кабыл алынган.

«Шаар мэриясынын, муниципалдык коммуналдык кызматтардын кызматкерлери жаңы жыл алдында жамааттык иш-чараларды өткөрүүнүн ордуна, борбордо иштеп жаткан ар кандай социалдык мекемелерге тиричилик буюмдарын жана техникасын сатып алууну пландаштырууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Шаар мэриясы Бишкектин мекеме-ишканаларынын жамааттарын бул демилгеге кошулууга жана келе жаткан жаңы жылдык майрамдардын алдында муктаж болгон мекендештерге ушундай эле жол менен жардам берүүгө чакырат.

Акцияга колдоо көрсөтүүнү каалагандар үчүн борбор калаанын мэриясы борбордогу социалдык мекемелердин, алардын муктаждыктарынын тизмесин берет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты