Бишкек шаар кеңешинде “Жаңы күч партиясы” 17 мандатка ээ болот

  • 2 месяца мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине шайланган партияларды жана алардын өкүлдөрүнүн тизмесин жарыя кылды.

Бишкек шаардык кеңешине 5 партия өкүлдөрү өттү. Анын ичинде “Жаңы күч” партиясы — 17 мандат, “Эмгек” партиясы — 12 мандат, “Адилет” партиясы — 8 мандат, “Ынтымак” партиясы 8, “Эл үмүтү” партиясы 6 мандат.  

«Жаңы күч» партиясынан:

 1. Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич 2. Суракматов Айдар Азизович 3. Дүйшекеева Элнура Качкыновна 4. Чалов Ильяз Алмазович 5. Токтогулов Максат Сарылбекович 6. Ашанбаева Омуркан Бактыбековна 7. Абиров Жаныбек Болотбекович 8. Бактыбеков Алымбек Бактыбекович 9. Кузнецова Татьяна Анатольевна 10.Жакыпов Таалайбек Маматович 11. Досиев Эдик Шарипович 12. Алымкулова Каныкей Законбековна 13. Сурапбаев Таалайбек Каримжанович 14. Абдраимов Жылдызбек Асанкулович 15. Бекмуратова Динара Алмазбековна 16. Шукуров Бектур Съездбекович 17. Жумалиев Чынгыз Зайнидинович.

«Эмгек» партиясынан:

1.Марлисбеков Эмир Марлисбекович 2.Досалиев Эльмир Акуналыевич 3.Алымбаева Елизавета Бердиевна 4.Асанбеков Жаныбек Асанбекович 5.Чепеев Калыбек Чепеевич 6.Расул кызы Миргүл 7.Мусагул уулу Амантур 8.Жапиев Султан Марипжанович 9.Акунова Лира 10.Касиев Майрамбек Качканакович 11.Салымбеков Эркинбек Мамытбаевич 12. Кенжебаева Светлана Козубаевна.

«Адилет» партиясынан:

1.Макешов Айбек Барыктабасович 2.Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович 3.Идырова Рамина Рамазановна 4.Бахтияров Эркин Бахтиярович 5.Усеналиев Бекжан Бактыбекович 6.Ашырова Айканыш Жоомартовна 7.Иманказыев Нурумбет Иманказыевич 8.Насиралиев Эржан Алтымышович.

«Ынтымак» партиясынан:

1.Алымбеков Максат Жумакадырович 2.Эргешов Казыбек Кочкорович 3.Халилова Гүлназ Мажитовна 4.Сариев Таалайбек Жолдошбаевич 5.Бектемиров Дуйшөнбек Бектемирович 6.Шарапова Жибек Закировна 7.Аскеров Марат Мирбекович 8.Абышев Аскар Замирбекович.

«Эл үмүтү» партиясынан:

1.Ибрагимов Болот Адылбекович 2.Алмаз уулу Аскар 3.Исакова Нурзат Темирболотовна 4.Карыбек уулу Улукбек 5.Аматов Рысбай Аматович 6.Досалиева Айдай Баялиевна.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлангандардын тизмеси бул шилтемеде.

17-ноябрда, Бишкек жана Ош шаарларынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор өттү.

Бардык жергиликтүү кеңештерге шайлоого саат 20:00гө карата шайлоочулардын 27,83%ы добуш берди. Бул 1 150 931 шайлоочуну түзөт. Ал эми шайлоочулардын жалпы саны — 4 135 039.  

Шаардык кеңештерге шайлоого 39 саясий партия катышты, алар 4822 талапкер көрсөттү. Орто эсеп менен алганда бир мандатка төрт талапкер көрсөтүлдү.

Шайлоо бюллетениндеги талапкер партиялар арасынан «Социал-демократтар» партиясы чийилди.

14-ноябрда Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.

15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты