Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан айдоочу жумду
- 3 года мурун
Кечээ, 22-ноябрда, Бишкек-Ош унаа жолунун 187-чакырымында жол кырсыгы катталып, «Мерседес-Бенц Гигант» үлгүсүндөгү унаасы менен «Лексус RX 350» унаалары сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен «Лексус» айдоочусу каза болуп, 3 адам жабыркаган.
Кырсык болгон жерге куткаруучуларды даярдоо борборунун куткаруучулары барышкан.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
![Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан айдоочу жумду](https://pk.kg/wp-content/uploads/2021/11/mashina-kyrsyk.jpg)
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү