Бишкек-Ош унаа жолу: 16 орундан жогору болгон кичи автобустардын каттоосуна тыюу салынат
- 1 год мурун
Ушул жылдын 15-октябрына чейин 16 орундан жогору болгон кичи автобустар Бишкек-Ош унаа жолуна каттоого тыюу салынат.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөбашкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын батыш автобекетинде “Төө-Ашуу” аркылуу, Бишкек-Ош, Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Талас каттамдардын айдоочулары менен жолугушууда Бишкек-Ош унаа жолунда 16 орундан жогору кичи автобустардын айдашына салынган тыюу тууралуу сөз болду.
Иш-чара убагында 2005-жылдын 29-июль күнкү № 334-б, Кыргыз Республикасыны өкмөтүнүн бүйругу боюнча түшүндүрмөлөр берилип, 1-майдан 15-октябрга чейинки мезгилдеги (климаттык шарттарды эске алуу менен), сыйымдуулугу кичине (16 отургучтуу) кичи автобустардын жүрүүсү боюнча талаптар коюлду.
Ошондой эле айдоочулардын жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин сактоосу, лицензиялык жана уруксат берүүчү талаптарга шайкеш иш алып баруусу, транспорт каражаттарынын техникалык абалы, коопсуздук куру, ылдамдык чектөөсү, аялдамаларда токтоо сыяктуу негизги жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча профилактикалык иш чаралар өткөрүлдү.
Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы




