Бишкек-Ош жолу: 315-чакырымга көпүрө куруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү
- 2 месяца мурун
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев менен Япониянын Эл аралык Кызматташуу Агенттигинин өкүлдөрү (JICA) Бишкек – Ош унаа жолунун 315-чакырымына жаңы көпүрө куруу боюнча 23-октябрда алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоорду ишке ашыруу үчүн милдеттенмелерин белгилешти.
Кошумча көпүрө куруу Бишкек-Ош унаа жолу аркылуу жүк жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу жана коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет. .
Долбоор гранттык негизде ишке ашырылат деп болжолдонууда.
Сүрөт: mtd.gov.kg
Муну бөлүшүү