Бишкек-Ош унаа жолуна таш түшүп, тазаланып жатат

  • 2 года мурун

Бишкек—Ош унаа жолунун 425-чакырымында болжол менен 50 куб/метр таш кулап, жолду эки тараптуу жаап калган.

Жерине Кара-Көл шаарынан 3 куткаруучу, 2 оор техника, 1 экипаж тартылып, аталган жол саат 15:13тө бир тараптуу ачылды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Учурда тазалоо жумуштары уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алыскы жолго чыккан айдоочуларга унаа ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл экендигин эскертет.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты