Бишкек кечке жуук дүйнөдөгү абасы булганыч шаарлардын сап башына чыкты
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 26-январда, саат 17:31де Бишкек дүйнөдөгү абасы булганыч он шаардын биринчиси болду.
Бул тууралуу абанын сапатын көрсөтүүчү iqair.com сайтында маалымдалды.
Бишкекте AQI⁺ 249 болуп, абанын сапаты зыяндуу деп табылды.

22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек жана Ош шаарларындагы ыш жана тыгын маселелери тууралуу маалымат угулуп, бир катар сунуштар айтылды. Бишкекте ыш менен күрөшүүгө жеткиликтүү каражат бөлүнбөй жаткандыгын, мамлекеттик орган кызматкерлери белгилүү күндөрдө гана жеке унаа менен жүрүү талаптарын аткарбай жатканына токтолду.
Ошондой эле метро же монорельс курулбаса, Стамбул шаарындагыдай метробус куруп, радикалдуу кадамга барып, дарыялардагы көпүрөлөр үстүнө кошумча жол салууну сунуштады. Ыш жана тыгын маселеси боюнча эч кандай жыйынтык болбой жатканын белгиледи.
20-январда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында экология, Бишкектеги ыш маселеси талкууланды. Депутат Балбак Түлөбаев ыш менен күрөшүүгө делген 50 миллион долларды өкмөттүн мэрияга берип коюусун суранды. Түлөбаев ошондой эле Бишкектеги ышты чечүүнүн жолдорун сунуштады.
Түлөбаев үч маселе менен смогду чечсе болорун билдирди.
1. Көмүр. Кара-Кеченин көмүрүн киргизбейсиңер. 4 районго 4 склад саласыңар. Шабыргүлгө окшогон зыяны жок көмүрдү мүшөккө салып сатасыңар. Автоматтык түрдө 30-40 пайыз ыш жоголот. Ал түгүл Кант-цемент заводун 3 жылдан бери какшап айтып жатабыз, унчукпай отурасыңар, Бишкекти ууландырып жатат.
2. Катализаторлор. Кытайлар катализаторлорду алып келип жатыптыр. Катализаторду койдурсаңар, өкмөт мэрияга полномочиени бергиле да. Ошону алып келгиле. Дагы 30 пайыз чечилет.
3. Газпром менен иштеш керек. Кышкысын “кышкы тариф” бергиле. Декабрь-январь-февралга, баарыбыз газификацияга шыгырап өтүп беребиз. Эгер “Газпром”, бербейби, анда башка компаниялар менен сүйлөшүш керек, Азербайжан, Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан менен сүйлөшөлү. “Кышкы тариф” менен бергиле. Мэрия азыр ТЭЦти газга өткөрсө, мэриянын эчтекеси калбай калат, “шымы” да калбай калат.
4. Пробкада турган машина көп жагып жатат. Марлен Маматалиев болуп, сунуш айтылган, айланма жолду салабыз, темир жолду тышка алып чыгабыз деп. Темир жолду сыртка алып чыкканга мэриянын күчү жетпейт. Жардам бергиле да мэрияга. Автобус пробка жаратат, же монорельс, же метро салыш керек, башка жол жок. Автобус пробканы чечпейт, бул элди ташуу үчүн, айла жоктон кылган иш,-деди Балбак Түлөбаев.
Кийинки кездерде Бишкек абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде абасы булганыч шаарлардын катарынан орун алууда.
Сүрөт: Интернет булактарынан