Бишкек Бээжинге Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору боюнча бардык документтерди берди
- 3 года мурун
Кыргызстан Кытайдын өкмөтүнө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорун ишке ашыруу боюнча бардык документтерди берди.
Бул тууралуу «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын директору Дастан Усубакунов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
«Кыргыз тарап Бээжинге Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору боюнча бардык документтерди берди. Февралда биздин лидерлер Кытайга барып, үч өлкөнүн өкүлдөрү макулдашат. Андан соң бардык маалыматтар коомчулукка ачык айтылат» деди Усубакунов.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси алгач 2000-жылдардын башында көтөрүлүп, бирок бүгүнкү күнгө чейин ишке ашырылбай келет.
2017-жылы аталган жолду куруу боюнча үч тараптуу жумушчу топ түзүлгөн. Анда долбоордун үч түрдүү варианты каралып жатканы кабарланган.
Сүрөт: Рейтер.