Биринчи май райондук ИИБ тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) тергөөчүсүнө пара опузалоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
“Тергөөнүн жүрүшүндө Биринчи май райондук ИИБ тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын майору А.К.М. жеке кызыкчылыгын көздөп, кылмыш ишин токтотуу үчүн Бишкек шаардык ИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкеринен пара талап кылгандыгы аныкталды. 2025-жылдын 5-мартында КР ИИМдин Бишкек шаары боюнча ички иликтөө бөлүмү менен бирге козголгон кылмыш ишинин алкагында милициянын майору А.К.М. 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалган. А.К.М. пара талап кылган кылмыш ишинин алдын ала талдоосу кылмыштын иш жүзүндөгү курамы жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жетиштүү негиздер жок экенин көрсөттү” деп айтылат маалыматта.
Тергөө иштери улантылып жатканы айтылды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы