Биринчи байлык — ден соолук. Президент медицина кызматкерлерин куттуктады

  • 2 года мурун
Биринчи байлык — ден соолук. Президент медицина кызматкерлерин куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

-Дегеле эзелтеден эле дарыгерлер кайсы гана коомдун болбосун, эӊ барктуу катмары болуп келген. Мамлекет медиктердин кадыр-баркын мына ошол уӊгудан төмөндөтпөй, колдон келсе жогорулатууга бар күч-аракетин жумшайт.

Учурда өлкөбүздүн аймагында элибизге адистештирилген медициналык жардамдар өз убагында көрсөтүлүүдө. Мына жакында Бишкек шаарында кургак учукка каршы оорукана, Республикалык перинаталдык борбор курулуп бүтүп, ишке киргизилгени турат. Жер-жерлерде дал ушундай деӊгээлдеги көп тармактуу бейтапканаларды куруу, алыскы тоолуу аймактарда ФАП, амбулаторияларды салуу пландалууда жана ишке ашырылууда.

Туура, бул тармакта дагы көйгөйлөр жок эмес. Бирок андай маселелердин баарын медицина тармагындагы мол тажрыйбалуу адистердин сунуштарынын аркасында аткаруу бийлигинин колдоосу менен бирге чечебиз.

Элибиздин саламаттыгын чыӊдоо, жарандарды сергек жашоого үндөө, оорулардын алдын алуу, замандын жаӊы коркунуч-чакырыктарына туруштук берүүгө даяр туруу — жалпы милдетибиз, -деп айтылат куттуктоодо.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты