Бириккен демократиялык кыймыл Таласта облустук уюмун ачты

  • 2 года мурун

Бириккен демократиялык кыймылдын (БДК) өкүлдөрү  жергиликтүү активисттердин чакыруусу менен Талас облусунда болушту. Азыркы саясий кырдаалга альтернативалуу позициялары бар жарандар Бириккен демократиялык кыймылдын Таластагы жергиликтүү  уюмун түптөп, координатор шайлады.

Бул тууралуу БДКдан редакцияга билдирди.

Облустагы жолугушууда өлкөдөгү оор саясий — экономикалык абал, Кумтөр, чек ара жана тамак ашка болгон баалардын өсүшү талкууланды. Азыркы саясий кырдаалга альтернативалуу позициялары бар жарандар, Бириккен демократиялык кыймылдын Таластагы жергиликтүү  уюмун түптөп, координатор шайлады.

Бириккен демократиялык кыймыл мындан ары жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүп, уюмдун облучтук өкүлчүлүктөрүн ача баштай турганы маалымдалды.

31-мартта «Бириккен демократиялык кыймыл» оппозициялык кыймыл түзүлгөндүгү жарыя болгон. Оппозициялык кыймылдын башкы максаты – Кыргыз мамлекетин, кыргыз элин демократиялык жолго салуу.  Оппозициялык кыймылга бир катар белгилүү саясатчылар — Мамбетжунус Абылов,  Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Сапар Аргымбаев, Клара Сооронкулова, бир катар саясий партиялардын өкүлдөрү, жарандык активисттер кирди.

Сүрөт: БДК.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты