Бир мандаттуу округдан дагы төртөө талапкерликтен баш тартты  

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуудан баш тартуу тууралуу дагы төртөө арыз берди. 19-ноябрда БШК ал талапкерлердин арызын карады.

№10 Куршаб шайлоо округунан Тынчтыкбек Төлөшев, №12 Өзгөн шайлоо округунан Манасмин Жумакадыр уулу, №22 Жайыл шайлоо округунан Эркин Иманкулов,  №16 Ноокен шайлоо округунан Бакытбек Насырбеков Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер болуудан баш тартуу арызын жазды жана алардын өтүнүчү канааттандырылды.   

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты