Бир катар аймактарды сел суулары каптады

18-май күнү Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын бир катар аймактарында жаандын кесепетинен сел суулары каптады.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

18-май күнү саат 13:30дар чамасында Кадамжай районунда кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен сел суулары түшкөн.

Сууну мотопомпа менен тарттыруу иштери жүргүзүлдү.

Ош — Баткен автоунаа жолунун 109-чакырымында жол жээгине токтотулган “Матиз» жана “Ласетти” үлгүсүндөгү жеңил унааны кум-шагыл баскан. Унаалар чыгарылган.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда саат 13:15 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Өрүктү айыл өкмөтүнүн Жыл-Булак тилкесинде турак үйдүн жертөлөсүнө, эки турак жайдын там аркасын суу каптап,  ички көпүрөнү сел алган.

Ош облусунун Кара-Суу районунда саат 18:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Мээнет айылында 2 турак үйдүн короосун жана көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүн, Жоош айыл өкмөтүнүн Калинин айылында 1 турак үйдүн короосун суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Кара-Суу районунда алдын ала маалымат боюнча, саат 19:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунун 647-чакырымында (Кайрагач айылы) Отуз-Адыр каналынан суу ашып унаа жолду каптагандыгы тууралу маалымат түшкөн.

Жалал-Абадд облусунун Ала-Бука жана Чаткал райондорунун чектешкен аймагында саат 13:15тер чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел суулары жүрүп, Терек-Сай айыл өкмөтүндөгү ички чарбалык көпүрөнү агызып кеткен

Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнүн Калта айылында катуу жааган жаандын кесепетинен 4 турак жайдын короосун сел суулары кирген.

Куршаб айыл өкмөтүнүн Шагым айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен арыктардын сел суулары ашып, 2 турак жайдын короосуна кирип, ички чарбалык жолду каптаган.

Сел сууларынын кесепеттери жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөт жана видео: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты