«Бир дүйнө” кинофестивалында эки тасманы көрсөтүүгө тыюу салынганы кабарланды  

  • 2 года мурун

Адам укуктарына арналган эл аралык «Бир дүйнө» кинофестивалында эки тасманы көрсөтүүгө тыюу салынганы маалым болду.

Бул тууралуу «Бир дүйнө — Кыргызстан» уюмунун директору Төлөйкан Исмаилова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, «Мара» жана «Жамгыр эч качан токтобойт» аттуу тасмалар кинофестивалдын программасына кирип, бирок көрсөтүүгө тыюу салынган.

«Бул даректүү фильмдерди көрсөтүүгө өздөрүн «Кыргыз тасма» мамлекеттик мекемесинин өкүлү деп тааныштырган Чыңгыз мырза менен Перизат айым уруксат бербей жатышат. Себебин, түшүндүрмөсүн сурасак, жооп жок. Бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго да кайрылгам. «Чечем» деген, чече элек. Зал толтура эл келген, учурда аларга жергиликтүү режиссерлорубуздун тасмаларын көрсөтүп жатабыз» деди Исмаилова.

«Мара» тасмасында Беларустагы соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгы, шайлоодогу элдин маанайы чагылдырылган. Ал эми «Жамгыр эч качан токтобойт» деген тасма Сириядагы, Украинадагы согуштун кесепети тууралуу баяндалган

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тасмалардын көрсөтүлүшүнө тыюу салуу боюнча түшүндүрмө бере элек.

“Бир дүйнө — 2022” эл аралык фестивалы 14-18-ноябрга чейин өтөт. Анда Украина, Чехия, Франция, Словакия, Германия, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдө тартылган 22 тасма катышууда. Фестиваль Бишкектеги Broadway кинотеатрында өтүүдө.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты