«Бир дүйнө» фестивалында Украинадагы согуш тууралуу тасма жабык көрсөтүлөт

  • 5 месяцев мурун

Италиялык режиссер Барбара Купистинин «Согуш мезгилиндеги жазуулар» деп аталган тасмасы адам укуктары боюнча документалдуу фильмдердин «Бир дүйнө — Кыргызстан» эл аралык фестивалында жабык көрсөтүлөт.

Бул тууралуу «Бир дүйнө Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова «Азаттыкка» билдирди.

Аталган фильмде Орусиянын Украинадагы согушунун кесепети чагылдырылган.

«Кыргызтасмасы» мамлекеттик киноборбору аталган тасманы кинофестивалдын алкагында көрсөтүүгө тыюу салган.

«Мындай тыюу Кыргызстандын Баш мыйзамына, эл аралык нормаларга туура келбейт. Эл аралык фестивалда көрсөтүлүүчү тасмаларды тескөөгө «Кыргыз тасмасы» борборунун укугу жок. Биз бул маселени маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен талкуулаганбыз жана бул тасманы жабык көрсөтүүнү чечтик» деди Төлөйкан Исмаилова.

Мурдараак «Кыргызтасмасы» мамлекеттик мекемеси 30-ноябрда көрсөтүлүүчү «Согуш мезгилиндеги жазуулар» документалдуу фильминин катталуу күбөлүгүн чакыртып алганы кабарланган. Мындай чечим тасмада экстремисттик маанай бардыгы менен негизделген. Мекеме Кыргызстандын аймагында мамлекеттик каттоодон өтпөгөн тасмалар көрсөтүлбөй турганын билдирген.

«Бир дүйнө — Кыргызстан-2023» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын XVII эл аралык фестивалы 27-ноябрдан 1-декабрга чейин Бишкекте өтөт. Анда жергиликтүү жана чет элдик режиссерлордун адам укуктары жаатындагы жыйырмадан ашуун документалдык тасмалары көрсөтүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты