Бийликти жактаган өкмөттүк эмес уюмдарга грант берүү демилгеленүүдө    

Юстиция министрлиги коомдук талкууга «Коммерциялык эмес уюмдар жана жарандык коомдун башка институттары үчүн мамлекеттик чакан гранттар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду.  

Токтомдун долбоору Министрлер кабинетинин сайтында жазылды.  

Гранттык багыттар төмөнкүдөй багыттарга берилээри белгиленди:  

  1. Конкурска коммерциялык эмес уюмдардын жана жарандык коомдун башка институттарынын төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзүүнү караган долбоорлору берилиши мүмкүн:
  2. Илим, билим берүү, агартуу жаатындагы долбоорлорду колдоо;
  3. Тарыхый эс тутумду сактоо;
  4. Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, анын ичинде камакка алынган адамдардын укуктарын коргоо;
  5. Айлана-чөйрөнү жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо;
  6. Улуттар аралык жана диндер аралык ынтымакты чыңдоо;
  7. Коомдук дипломатияны өнүктүрүү жана мекендештерди колдоо;
  8. Жарандык коомдун институттарын өнүктүрүү.

Жобонун аныктамасында мындай деп айтылат:

«Акыркы мезгилде  Кыргыз Республикасынын Президенти менен  Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине мамлекеттик бюджеттен каржылоо жок шартта,  мамлекет бийлигине болгон ишеничти азайтуу максатында ошондой эле бийликтин  айрым өкүлдөрүнө каршы багытталган изилдөөлөрдүн долбоорлорун коммерциялык эмес жана  жарандык коомдун башка институттары тарабынан каржылоо күчөп бара жатат.  Эмне үчүн айрым донорлорго биздин атуулдар менен өлкөнүн саясатчыларынын пикири жана  кыргыз элинин мамлекеттик план программалары аларга, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караганда көбүрөөк керек?  Эмне үчүн  Кыргыз Республикасы аларга, алардын жолун колдонуп коммерциялык эмес уюмдардын жана жарандык коомдун башка институттарынын потенциалын пайдаланып аларга каршы жооп бере албайт?

Жобонун максаттарынын бири өлкөдө болуп жаткан кемчиликтерди жоюп, ошол эле учурда кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын  коммерциялык эмес жана  жарандык коомдун башка институттары тарабынан каржыланып атайылап бузган учурда айрым изилдөөлөрдү каржылагандардын жеке жоопкерчилигин көтөрүү жолу менен кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын сактоого өбөлгө болуу».        

Саясатчы Клара Сооронкулова бул жобонун долбоору тууралуу Фейсбук баракчасында мындай сын-пикирин билдирди.  

-Юстиция министрлиги «Коммерциялык эмес уюмдар жана жарандык коомдун башка институттары үчүн мамлекеттик чакан гранттар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду. 

Ага ылайык,  Президенттин иш башкармалыгы бийликти жактап жана Президентке жана Министрлер кабинетине сын айтып турган “абийирсиз” өкмөттүк эмес уюмдарды ашкерелеп турган өкмөттүк эмес уюмдарга кичи гранттарды бере турган болуптур.

Ошол эле учурда жобону иштеп чыгуучулар «баарын кандай болсо, ошондой калтыра албай» турганын айтышат. Антпесе, алар ачык айткандай, «жеке абийирсиз коммерциялык эмес уюмдар тарабынан (мүмкүн оппозициялык күчтөрдүн таасири астында да, анын ичинде да) тарабынан атайын изилдөөлөр жүргүзүлөт. Ал изилдөөлөр Кыргыз Республикасына жана/же тышкы оппозициялык күчтөргө тигил же бул себептерден улам дүйнөлүк геосаясаттын алкагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн) Президенттин жана Министрлер кабинетинин кабыл алган чечимдерине коомчулуктун нааразычылыгын жаратуу максатында мындан ары да күчөй берет.

Ушуга байланыштуу өлкөнүн ичиндеги азыркы саясий кырдаалды да, Батыш менен Россия Федерациясынын ортосундагы тирешүүнүн күчөп баратканын эске алганда, бул варианттын кабыл алынышы өлкөдөгү саясий кырдаалды начарлатат» деп жазылат жобо долбоорунда.

Башкача айтканда, Байсалов менен Баетовду азыр орус тыңчысы деп эсептеш керек. Ушул жобону иштеп чыгуучуларды жана лоббисттерди санкциялык тизмеге киргизүүгө бизде жүйөлүү себептер болушу үчүн бул жобону бекитүү зарыл, -деп жазды Клара Сооронкулова.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты