Берлиндеги туристтик жарманкеге кыргызстандыктар да катышууда

  • 1 год мурун

Берлинде 7-9-мартта ар жылы өтүүчү » ITB-2023″ эл аралык туристтик жарманке өтʏп жатат. Ага Кыргызстандан туристтик 21 компания өкүлдөрү катышууда.   

Туризм жаатындагы дүйнөгө белгилүү бул көргөзмөгө Кыргызстандын катышуусу «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүну колдоо фонду» ААК жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашты.

Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилиги билдирди.

Мындай эл аралык аянтчада Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири көрсөтүү максатында бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Атап айтканда, Кыргызстандын делегация мүчөлөрүнүн, туроператорлордун, Кыргызстандын туристтик багыттарынын көптөгөн жолугушуулары жана сүйлөшүүлөрү, B2B бизнес жолугушуусу, кыргызстандык жана чет элдик туристтик компаниялардын, Германиядагы министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда маалымат-семинар ж.б. иш-чаралар өтөт.

Элчинин айтымында, көргөзмө залынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан жакшы жасалгаланган кыргыз стенди көргөзмөгө келгендердин зор кызыгуусун жаратты.

Сүрөт: КР Германиядагы элчилик.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты