Берлинде кыргыз-герман бизнес-форуму өттү

  • 2 недели мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Берлинге болгон жумушчу сапарынын алкагында «Берлинде Кыргызстандын улуттук экономикасынын күнү» аттуу кыргыз-герман бизнес-форумуна катышты. 

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат жарыяланды.

Анда айтылгандай, Адылбек Касымалиев мындан бир нече ай мурда Ысык-Көл жээгинде эки өлкөнүн 70тен ашык компаниясынын катышуусунда мурдагы кыргыз-герман бизнес-форуму өткөнүн, ал «Кыргызстан жана Германия экономикасынын күндөрү» форматындагы иш-чаралардын биринчи айлампасын жыйынтыктаганын белгиледи.

Анын айтымында, Берлинде бул форматтын экинчи айлампасынын башталышы кыргыз-герман өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат.

Акыркы үч жылда өнөктөштүк жаңы динамикалык этапка жетти: Гамбург, Франкфурт-на-Майне жана Мюнхен шаарларында масштабдуу иш-чаралар өткөрүлдү. 

Адылбек Касымалиев германиялык компанияларды кызматташууга чакырды — жабдууларды жеткирүүдөн жана башкаруунун заманбап системаларын киргизүүдөн тартып, «жашыл» инвестицияларды ишке ашырууга чейин. Германиялык IT-компаниялары жана технологиялык стартаптар менен биргелешип иштөө мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулуп, иштеп чыгуу борборлорун, билим берүү платформаларын жана жашыл экономика үчүн санариптик чечимдерди түзүү каралууда. 

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты