Бельгия Франциянын артынан iPhone 12 телефондорун сатууга тыюу салышы мүмкүн

  • 8 месяцев мурун

Бельгиянын санариптик экономика министрлиги телекоммуникацияларды жөнгө салуучу органдан Apple компаниясынын iPhone 12 телефонунун ден-соолукка тийгизүүчү зыянын иликтеп чыгууну тапшырды.

Мурдараак Франция аппараттын радиациялык таасири чектен ашууда деген жүйө менен аны сатууга тыюу салган.

13-сентябрда Apple компаниясы 2020-жылы чыккан iPhone 12 дүйнөлүк радиациялык стандарттарга жооп бергенин бир нече эл аралык уюмдар тастыктаганын билдирди. Компания көз карандысыз бир нече лабораториялык сыноолордун жыйынтыгын алганын айтууда. Apple француз бийлигинин чечимине каршы даттанат.

Франция жакын арада жүргүзүлгөн радиациялык сыноо учурунда табылган көйгөйлөр жоюлганга чейин iPhone 12 сатууну токтоткон. Анын натыйжасында Европада бул аппараттарга тыюу салуу ыктымалдуулдугу күчөдү.

Германиянын тармактык жөнгө салуучусу BnetzA агенттиги ушул сыяктуу жараянды башташы мүмкүндүгүн жана француз бийлиги менен тыгыз байланышта экенин маалымдады. Голландия бийлиги бул маселени изилдеп жатканын жана америкалык компаниядан кырдаалды тактап берүүнү суранарын кабарлады.

Акыркы жыйырма жылдын ичинде изилдөөчүлөр уюлдук телефондордун ден-соолукка тийгизген коркунучтарды баалоо үчүн көптөгөн сыноолорду өткөрүштү. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, уюлдук телефондордун ден соолукка терс таасири азырынча аныктала элек.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты