Беларустун алдыңкы университетинде Лукашенконун режимин айыптаган 500дөй кызматкер иштен алынган

  • 2 месяца мурун

2020-жылдан бери Беларус мамлекеттик университетиндеги беш жүздөй кызматкер Александр Лукашенконун режимине каршы демонстрацияларды колдогону үчүн жумуштан бошотулган.

Бул тууралуу университеттин ректору Андрей Королдун үнү делген аудио жарыялагандан кийин белгилүү болду.

«Киберпартизандар» жарыялаган аудиодо ректор эмгек келишими «мамлекеттик кызыкчылык жана коопсуздук жаатында жүргүзүлүп жаткан кадр саясатына байланыштуу» токтотулганын айтат. Ректордун үнү делген аудио 2023-жылдын жай айларында университеттин ички тармагы хакердик чабуулга кабылгандан кийин тараган.

Хакерлердин колуна өткөн документтерге ылайык, нааразылык акциясына катышканы үчүн университеттин 50 кызматкери иштен айдалып, үчөө сөгүш, дагы экөө эскертүү алган. Ушундай эле себеп менен 140 студент аталган университеттен чыгарылган.

Беларустун ички иштер министрлиги университетке нааразылык акцияларына катышып, социалдык тармактарда Лукашенкону сындаган абитуриенттерди окууга албоо талабын жөнөткөн.

Беларуста 2020-жылдын августунда өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко жеңди деп жарыялангандан кийин миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышкан. Добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоого каршы демонстрация алты айдан ашык убакыт уланган.

Ар кыл маалыматтарга караганда, 2021-жылдын июнь айына чейин Беларустагы нааразылык акцияларына байланыштуу 35 миңден ашуун адам кармалган. Алардын кеминде 1231ине кылмыш иши козголгон.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты