Беларуста оппозициянын 257 өкүлү бийликти басып алуу үчүн кутум жасоого айыпталууда

  • 2 месяца мурун

Беларустун Тергөө комитети оппозициянын Координациялык кеңешине талапкерлигин койгон 257 адамга каршы кылмыш ишин козгоду. Алар бийликти басып алуу үчүн кутум жасоого айыпталууда.

Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Аларга бийликти басып алуу үчүн кутум жасоодон тышкары, улуттук коопсуздукка каршы аракеттенүүгө чакырык таштоо, экстремисттик уюм түзүү жана экстремисттик аракеттерге көмөктөшүү боюнча да кылмыш иши козголду.

Беларустун Тергөө комитетинин версиясы боюнча, шектүүлөр 12 «экстремисттик» уюмдун өкүлдөрү деп болжолдонууда.

«Белгиленген алгоритмге ылайык, учурда айыпталуучуларга тиешелүү мүлктөр боюнча маалыматтар келип түшкөн. Учурда текшерүү, тинтүү, мүлктү камакка алуу жана башка процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө» деп айтылат маалыматта.

Беларус оппозициясынын Координациялык кеңеши 2020-жылдын 20-августунда Светлана Тихановскаянын демилгеси менен өлкөдөгү саясий каатчылыктан чыгуу үчүн түзүлгөн. Беларустун протопарламенти болгон бул уюмду АКШ менен Евробиримдиктин өкмөттөрү тааныйт.

Төрт жылга чукул ишмердүүлүктүн ичинде Координациялык кеңештин айрым мүчөлөрү камакка алынды, башкалары өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду, бирок кеңештин өзү бүгүнкү күнгө чейин бар. 2023-жылдын ноябрь-декабрында Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө каршы репрессиянын жаңы толкуну башталган: Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн батирлеринде тинтүү жүргүзүлүп, алардын мүлкү камакка алынган, жаңы кылмыш иштери да козголгон.

Май айынын аягында Координациялык кеңешке биринчи түз шайлоо өткөрүлөт, ага 112 адам шайланат.

Беларуста Координациялык кеңеш “экстремисттик уюм” деп таанылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты