“Бейрасмий сүрөттү талкуулоо осол иш”. Төраганын басма сөз катчысы түшүндүрмө берди

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин басма сөз катчысы Алмаз Деркембаев учурда социалдык тармакта талкуу болуп жаткан спикердин сүрөтү боюнча түшүндүрмө берди.

«Учурда Кыргызстандын парламенттик делегациясы Түркия республикасына расмий сапар менен келди. Анкаранын аба майданында биздин делегацияны бейрасмий тосуп алуу болду. Расмий сапардын алкагында жолугушуулар, сүйлөшүүлөр эртең башталат.
Андыктан ошол бейрасмий тосуп алуу маалындагы сүрөттү жарыялап, ар кандай олдоксон пикирлерди жазуу, талкууга алуу акылга сыйбаган көрүнүш” деп жазды төраганын басма сөз катчысы.

«Тактап айтканда Кыргыз — Түрк парламенттеринин достук тобунун жетекчиси С. Өзтүрк менен ЖК төрагасы жана делегация курамындагылар аба майданындагы VIP залда жөн гана ал жай сурашып, учурашып олтургандагы бейформал сүйлөшүү учурундагы сүрөттү талкуулоо жана бир жактуу бурмалап, коомчулукту удургутуу осол иш деп эсептеймин» деп жазды төраганын басма сөз катчы.

Бул сүрөт социалдык тармактарда төраганын протокол тартибин сактабай, тыш кийимчен отурганы талууга алынып жатат.

21-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Түркия Республикасына расмий иш сапары менен барды. 

Сапардын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын тТөрагасы Мустафа Шентоп менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт. 

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Мурадил Сыдыков, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ырысбек Атажанов, Динара Ашимова, Улан Бакасов, Эльдар Сулайманов бар.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты