Бажы кызматынын төрагасы: Матраимов менен байланышы бар 58 кызматкер жумуштан бошотулду

  • 5 месяцев мурун

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар 58 бажы кызматкери жумуштан бошотулду.

Бул тууралуу 6-декабрда Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков маалымат жыйынында билдирди.

Ал 2022-жылдан бери териштирүү жүргөнүн, жумуштан бошотулган кызматкерлер арасында орун басарлар, башкы инспекторлор да болгонун айтты.

Бул багыттагы иликтөө иштери уланып жатканын, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымдаларын билдирди.

Самат Исабеков ошондой эле бажы кызматында үй-бүлөлүк-кландык сиcтема жок экенин билдирди:

“Мурункудай бир үй-бүлөгө байланган кландык схема жок. Бирок элементтери бар. Аларга каршы күрөш жүрүп жатат. Себеби, биз алардын жанында дайыма эле жүрө албайт экенбиз. Берилген арыздар менен билинип калган фактылар бар”, — деди Самат Исабеков.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Кемин районундагы атайын кызматтын бөлүмүнүн имаратын ачып жатып, мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышы болгонун айткан.

Ал учурда мамлекеттик органдарды тазалоо жүрүп жатканын, Матраимовго, Көлбаевге байланышы бар делген 202 кызматкер иштен алынганын, алардын 50сү бажы кызматкери экенин тактаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты