Бишкекте Батыш автобекети жабык. Аймактарга каттамдар кайдан жүрөт?  

  • 2 года мурун

Бишкек шаарындагы батыш автобекети, анын ичинде «Акжол» кичи автобекети толугу менен ишин токтотту, көчүрүү иштери жүргүзүлдү. Аймактарга жолго чыксаңыз, Ысык-Көл, Нарынга барууну пландаган жүргүнчүлөрдү Алма-Ата, 1/1 дареги боюнча «Бишкек автовокзалы» жаңы автобекетине, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткенге «Ак-Кула» жаңы ат майданы тараптагы (МАИ постунун жанында) дарек боюнча барууну суранабыз деп билдирди Бишкек мэриясы.

Азыркы учурда «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасы штаттык режимде иштеп жатат, ал эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт.

Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, Ысык-Көл жана Нарын облустарына каттамдар Алма-Ата, 1/1 дареги боюнча «Бишкек автобекети» мамлекеттик ишканасынын жаңы автобекетинен жөнөйт.

№13, 34 автобус каттамдары жана №123, 128 кичи автобус каттамдары Бишкек автобекетине жаңы автобекетине чейин каттайт.

Ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарына каттаган каттамдар Бишкектин батыш тарабындагы, жаңы «Ак-Кула»ат майданы курулчу аймактан жөнөйт.

«Аккула» ат майданы жайгашчу жерге чейин №13, 40 автобус каттамдары жана №258 кичи автобус барат.

Аймактарга жолго чыксаңыз, чыгыш тарапка барууну пландаган бардык жүргүнчүлөрдү Алма-Ата, 1/1 дареги боюнча «Бишкек автовокзалы» жаңы автобекетине, батыш багытында «Ак-Кула» жаңы ат майданы тараптагы (МАИ постунун жанында) дарек боюнча барууну суранабыз.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты