«Батукаев иши»: Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү кароо кийинкиге жылды

  • 2 года мурун

«Батукаев иши» боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын кароо башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев «Фейсбук» баракчысында билдирди.

Анын айтымында, отурумдун жылуусуна сотко Башкы прокуратуранын өкүлү келбегени себеп болгон.

«Дагы бир жолу соттук отурум жылды. Анткени прокурор Медер Абдышев сотко келген жок. Кызыгы бул иш Жогорку сотто Башкы прокуратуранын жаңы жагдайлар ачылды деген өтүнүчүнүн негизинде каралып жатат. Бирок соттук отурумга өздөрү келген жок. Мыйзамга ылайык, Жогорку сотко кассациялык инстанцияда арыз эки айда каралып бүтүш керек. Башка иштер бүтүп жатат. Алмазбек Атамбаевдин ишине келсек, беш ай өтсө дагы, бир дагы соттук отурум өтө элек».

Буга чейин Атамбаевдин жактоочулары Жогорку сот «Батукаев ишин» 2021-жылдын 22-декабрында кайра карай турганын билдиришкен, кийин сот отуруму ушул жылдын 17-январына жылган.

Бирок жараян судьялардын бирөө ооруп калганына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты