Баткенге жалпы 506 тонна гумжардам жеткирилди

  • 2 года мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 19-сентябрь саат 10:00гө эвакуациялоо жана гуманитардык жардам боюнча маалымат таратты.

Азыркы учурда жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. Анын ичинен 3 миң 427 жаран убактылуу кабыл алуучу жайларга жайгашкан. Баткен облусу боюнча жалпы 45 убактылуу кабыл алуу жайлары иштеп жатат. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган. Ошондой эле Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун даярдалып, учурда 512 жаран жайгашкан.

Баткен облусуна жалпы 506 тонна гумжардам жеткирилди. Анын ичинен 116 тонна ӨКМ тарабынан, 301 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп (635 тонна) Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн. Республикабыздын бардык аймактарында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:

— Ош облусунда – 44;

— Жалал-Абад облусунда– 12;

— Нарын облусунда – 6;

— Ысык-Көл облусунда – 69;

— Талас облусунда – 43;

— Чүй облусунда – 12;

— Ош шаарында –1;

— Бишкек шаарында – 1.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 19-сентябрь саат 9:00гө карата жаракат алып, саламаттык сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны-163 адам.   Каза болгондордун жалпы саны — 59 адам.

Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. 

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Кыргызстан чек арада болгон окуяны Тажикстандын «куралдуу агрессиясы» деп атады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты