Баткенге 10 фура гуманитардык жардам жеткирилди

  • 2 года мурун

Баткенге 10 фура гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Республиканын бардык аймагынан чогулган гуманитардык жардам бүгүн Баткен облусуна жеткирилди. 10 фурага жүктөлгөн гуманитардык жардам учурда ӨКМдин кызматкерлери жана кайдыгер карабаган жарандардын жардамы менен бөлүштүрүлүп, жер-жерлерге жеткириле баштады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 18-сентябрь саат 22:00гө карата жаракат алып, саламаттык сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны-144 адам.   Каза болгондордун жалпы саны — 59 адам.

Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. 

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Кыргызстан чек арада болгон окуяны Тажикстандын «куралдуу агрессиясы» деп атады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты