Баткендеги саламаттык сактоо мекемелери күчөтүлгөн даярдык режимине өттү

  • 2 года мурун

Баткен облусундагы саламаттык сактоо мекемелери күчөтүлгөн даярдык режимине өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, азырынча медициналык жардам үчүн ооруканага кайрылгандар каттала элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

Бирок 19.35 чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында Кыргызстан тарапты көздөй ок чыгарышкан. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө болуп, «тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонууда жатканын» кабарлады Кыргызстандын Чек ара кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты