Баткендеги ооруканаларга 39 кош бойлуу аял кайрылып, анын 27 көз жарды
- 2 года мурун
Баткендеги ооруканаларга 39 кош бойлуу аял кайрылып, анын 27 көз жарды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Батырова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, тез жана шашылыш кабыл алуу иштери жүрүп жатат.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.
Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 19-сентябрь саат 9:00гө карата жаракат алып, саламаттык сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны-163 адам. Каза болгондордун жалпы саны — 59 адам.
Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды.
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.
Кыргызстан чек арада болгон окуяны Тажикстандын «куралдуу агрессиясы» деп атады.