Баткендеги Достук жаңы айылы: Тургундар көчүп келип, жашап жатышат
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 12-декабрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Достук айылына иш сапары менен барды.
Атайын кызматтын төрагасы мамлекет тарабынан пайдаланууга берилген жаңы турак үйлөрдүн сапатын жеринен текшерип, курулуш иштеринин жыйынтыгы менен таанышты.
Ташиев жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын күнүмдүк тиричилиги, социалдык абалы жана инфраструктурага байланыштуу көйгөйлөрү боюнча пикирлерин укту.
Маалым болгондой, Баткен районундагы жаңы Достук айылы үчүн жалпы 57 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Бул аймакта жарандар үчүн 181 заманбап турак үй салынган. Учурда тургундар толугу менен жаңы үйлөргө көчүп келип, жашоосун улантууда.

Эскерте кетсек, кыргыз–тажик мамлекеттик чек арасын тактоо жана делимитациялоо процесси жүрүп жаткан мезгилде айрым жарандардын турак жайлары алмашылган аймактардын ичинде калып калган. Мамлекет жабыркаган ар бир жаранга 10 сотыхтан жер тилкесин бөлүп берүү менен, бардык талаптарга жооп берген жаңы турак үйлөрдү толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен куруп берди.




