Баткендеги чек ара жаңжалынын чыгымы үч миллион сомго жетти

  • 2 года мурун

Баткендеги соңку чек ара жаңжалынан улам келтирилген материалдык чыгымдын болжолдуу көлөмү үч миллион сомду түздү. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев «Азаттык» радиосуна билдирген.

Маалыматка ылайык, жаңжалда эки сарай өрттөлүп, бир нече үй жана эки машине талкаланган. Бодо мал уурдалган жана өрттөнүп кеткен фактылар катталган.

Ушул тапта жаңжалдан улам коопсуз жайга көчүрүлгөн тургундардын басымдуу бөлүгү үйлөрүнө кайтты. Таш-Тумшук айылынын айрым тургундары менен Көк-Ташта жашагандар толугу менен көчүп келе элек. Балалуу келиндер, аялдар коңшу айылдардагы тууган-туушканынын үйлөрүндө баш калкалап жатат. Эвакуациялангандардын арасында ооруп, бейтапканаларга жеткирилгендер да бар.

Баткенде 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.

Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты