Баткендеги бир айлык аскердик кызмат эки ай катары эсептелет

  • 2 года мурун

Баткен облусундагы бир айлык аскердик кызматты эки ай деп эсептөө тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу 22-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы көчмө жыйында билдирди.

Өкмөт башчы быйыл бюджеттин эсебинен заманбап аскердик техника сатып алынып, аскер кызматкерлеринин маяналары жогорулаганын белгиледи.

«2021-жылдын май айынан баштап чек арачылардын жана аскер кызматкерлеринин маянасы дээрлик 50-70%га чейин жогорулатылды. Быйыл январдан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Жаза аткаруу кызматынын Коопсуздук жана коштоо департаментинин кызматкерлеринин айлыктары да көтөрүлүп, жыйынтыгында бардык күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын айлыгын теңдештирүүгө жетиштик» деди Жапаров.

Баткен облусу Тажикстан менен чектешет. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тарап кайсы карта жана кайсы юридикалык документ менен иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келген.

Эки мамлекеттин чек арасындагы тактала элек тилкелерде куралдуу кагылышуулар катталып турат.

Расмий сүрөт:

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты