Баткендеги балдар бакчасында “өлүү жандарга” айлык акы берилип келгендиги аныкталды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Баткен облусу боюнча башкармалыгында бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу фактысы боюнча фактыны аныктады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Баткен районунун Кара-Бак айылынын “Кулунчак” балдар бакчасында  “өлүү жандарга” айлык чегерилип, андан кийин ал каражаттар мекеменин башчысына берилип тургандыгы аныкталды.

“Бул мекемеде  эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзбөгөн адамдарга да эмгек акы чегерилип турган. Андан кийин ал акчалар мекеменин жетекчилигине берилип турган” деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды. 

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты